COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

9 июля 2020 COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд Саламаттык сактоо министрлигинен "Авифавир" дарысын амбулатордук түрдө, коронавирустан үйдө дарыланып жаткандарга колдонууга уруксат берүүнү суранды. Бул туурасында РИА Новости аталган фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин журналисттерге айтканын жазып чыкты.

"Клиникалык изилдөөлөрдүн экинчи, үчүнчү фазасында алынган анализдер жана андан сырткары, ооруканада жаткандарга бергендеги биринчи айлардагы маалыматтар "Авифавир" оорунун башталышында жана ортоңку стадиясында пайдаланганда жакшы жыйынтык берерин көрсөткөн", — деген Дмитриев.

Ал Россияда фавипиравирдин базасында клиникалык жактан сыналган үчүнчү дарыны каттоо бул препараттын майнаптуулугун жана Россиянын вируска каршы дарыларды ойлоп чыгуудагы лидерлигин көрсөтөрүн белгилеген.

"Мындан улам Саламаттык сактоо министрлигине "Авифавирди" коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга амбулатордук түрдө колдонууга уруксат берүүсүн сурап кайрылдык", — деген жетекчи.

Буга чейин шаршембиде COVID-19дан айыктыра турган россиялык үчүнчү дары, эл аралык деңгээле патенттеле элек фавипиравир — "Р-Фарм" компаниясынын "Коронавири" Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосун алган.

Биринчи дары майдын аягында жактырылган, ал — Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд менен "ХимРар" компаниясы чыгарган "Авифавир" эле.

Экинчиси — "Арепливир", аны "Промомед" июнда чыгарган.

sputnik