Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

9 июля 2020 Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, коркуу сезими иммунитетти түшүрө турганын айтты.

"Коркуу сезими адамдын организминен кортизол аттуу гормондун иштелип чыгуусун шарттайт. Анда углевод алмашуу токтоп калат да, иммунитетти түшүрүп жиберет. Эгерде дене табыңыздар көтөрүлүп жатса, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгыла же 118 номерине чалгыла. Интернетте тарап жаткан дары-дармектер менен өз алдынча дарыланбай, антибиотикти дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеңиздер. Дексаметазон дарысын да колдонбоңуздар", — деди Акматова.

Ал коронавирус жуктуруп алган учурда тамакка табит тартпай каларын айтып, ага карабай сууну күнүнө үч литрден кем эмес ичип, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керектигин айтты.

sputnik