9 июля 2020
Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 361 адам катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 150;
Чүй облусу - 59;
Ош шаары - 43;
Ош облусу - 28;
Жалал-Абад облусу - 25;
Баткен облусу - 20;
Ысык-Көл облусу - 17;
Нарын облусу - 18;
Талас облусу - 1.
Ушуну менен коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 847ге жетти. Азыр стационарда 610 бейтап дарыланууда, анын бирөө реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5 068 болду. Бүгүн коронавирустан дагы төрт киши каза таап, жалпы саны 116га жетти.