Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад сунушталды

9 июля 2020 Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад сунушталды

Шоколад антиоксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости туура тамактануу боюнча адис Варвара Зародинага таянып кабарлады.

Адистин айтымында, шоколад жеген учурда мээ дофамин жана серотонин деп аталган ырахат гормондорун бөлүп чыгарат. Мындан сырткары, шоколад иммунитетке оң таасирин тийгизет.

Дарыгер шоколад какао-буурчактан жасаларын, ал эми анын курамында организмге оң таасирин тийгизген заттар бар экенин айткан. Анын бири — фламаноиддер. Анда уюп калган канга оң таасир эткен, иммунитетти бекемдөөгө жардам берген антиоксиданттар бар.

"Бир жагынан шоколадда кумшекер басымдуу. Көп учурда кумшекер шоколаддын пайдалуу жагын жаап коёт. Мындан улам ачуу шоколад пайдалуу. Анткени анда какао-буурчактар көп. Сүт кошулган шоколадда пайдалуу заттар аз болсо, ак шоколад зыян", — деген адис.

sputnik