Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

8 июля 2020 Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

Борбор калаада жеңил автоунаа кырсыктап, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициядан кабарлашты.

Борбор калаада жеңил автоунаа кырсыктап, төрт адам жабыркады

 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 19.30дар чамасында Сухе-Батор көчөсүндө болгон.

Кырсыктын видеосу "Короче" Телеграм-каналына жарыяланды

.koroche. Видео

koroche. Видео 2

"Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу түштүктү көздөй бара жаткан. Ал автокөлүктүн рулун башкара албай тосмону сүзүп өтүп, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн казылган чуңкуруна кулап түшкөн", — деп милициядан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан төрт адам жабыркап, аларды ооруканага Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда ал жерде укук коргоо кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

sputnik