Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

8 июля 2020 Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 183;

Чүй облусу - 51;

Ош шаары - 22;

Ош облусу – 7;

Жалал-Абад облусу - 23;

Баткен облусу - 21;

Ысык-Көл облусу - 24;

Нарын облусу - 14.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

sputnik