Бою шып тиреген узун буттуу монголиялык кыз элди таң калтырууда. Сүрөт

8 июля 2020 Бою шып тиреген узун буттуу монголиялык кыз элди таң калтырууда. Сүрөт

Монголиялык кыз болуп көрбөгөндөй узун буттары менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазган. 

29 жаштагы Рентсенхорлоо Рен Бад Монголияда төрөлгөн, бирок азыркы тапта ал Чикаго шаарында жашайт.

instagram. Сүрөт

Басылманын билдирмесине ылайык, ал дүйнөдөгү узун буттуу кыздардын бири болуп эсептелет. Анын бою — 206 сантиметр, андан буту эле 134 сантиметр 11 миллиметр.

instagram.Видео

Маалым болгондой, узун буттуу кыз ата-энесин тарткан. Атасынын бою 208 болсо, энесиники — 185 сантиметр.

instagram.Сүрөт 2

"Өзүмө узун буттарым аябай жагат. Кыска шым менен бийик такалуу бут кийим кийип аны башкаларга көргөзгөндү жакшы көрөм. Буттарым менин өзгөчө экенимди көрсөтөт", — деген Рентсенхорлоо Рен Бад.

instagram. Сүрөт 3

Буттары баарынан да дүкөн кыдырганда, эшиктерден өтө албай калганда түйшүк жаратарын мойнуна алган.

instagram.Сүрөт 4

"Эшиктен өтө албай кыйналам, алар мен үчүн абдан кыска. Дайыма сүзүп алам. Дүкөн кыдыруу — бул өзүнчө баш оору. Айрыкча бутума 46 өлчөмүндөгү бут кийим таба албай убара тартам", — деген ал.

Рентсенхорлоо бутунун арты менен жумуш тапканын айткан. Жакында эле ал бою узун кыздарга легинсы (кууш шым) чыгарган бренд менен кызматташа баштаган.

sputnik