Бишкекте жолтандабас дубалды сүзүп, кафеге кирип кетти. Жеринен тартылган видео

7 июля 2020 Бишкекте жолтандабас дубалды сүзүп, кафеге кирип кетти. Жеринен тартылган видео

Борбор калаада жолтандабас кафенин ичине кирип кеткенин "Короче" Телеграм-каналы кабарлады.

koroche. Видео

Күбөлөрдүн айтымында, окуя болжол менен саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, автоунааны кыз башкарып бараткан. Машина катуу ылдамдыкта келе жатканы айтылды.

Видеодо көрүнүп тургандай, жолтандабас кафенин дубалын сүзүп, ичине кирип кеткен. Имараттын алдында, көчөдө бак кулап жатканын да көрүүгө болот.

Милициянын кайгуул кызматы окуянын себептери такталып жатканын айтты. Кимдир бирөөнүн медициналык жардам алган-албаганы азырынча белгисиз.

sputnik