Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар

7 июля 2020 Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар

Инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотуучу бир гана жолубуз бар — ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактообуз керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта кайрадан чектөөлөрдү киргизүү элдин турмушуна терс таасирин тийгизет.

"Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келе турган катуу чектөө чараларын кайрадан киргизүү — бул ишканаларга жана жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет. Бизде инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотууга бир гана жолубуз бар. Ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактообуз керек. Өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн мурда, ооруп жаткан бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жардам берүү керек", — деди Боронов.

Кыргызстандыктарга кайрылып жатып өкмөт башчы бүгүнкү күндөгү бир топ көйгөйлүү маселе жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтты.

Өз сөзүндө премьер элди колдон келишинче үйдөн чыкпоого, кыймылды чектеп турууга, адамдар көп топтолгон жерлерге барбоого чакырды. Өзгөчө бул улуу муундун өкүлдөрүнө жана вирустун жугуу тобокелдиги жогору болгон өнөкөт оорусу барларга тийиштүү экенин эскертти.

sputnik