Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды

7 июля 2020 Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды

Борбор калаанын кичи райондорунун биринде ур-токмокко кабылган кыз каза болду. Кылмышка өзүнүн атасы шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, 6-июлда болжол менен саат 09:02лер чамасында Бишкек шаардык ИИББдин 102 кызматына калаадагы кичи райондордун биринен жаш кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарек боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери барган. 

"Такталган маалыматтар боюнча, 15 жаштагы кыз алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыштын изин суутпай милиция кызматкерлери шектүү катары көз жумган кыздын атасын колго түшүргөн. Ал Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Октябрь райондук ИИБи тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

sputnik