8 000ден ашты. Бүгүн дагы 450 кишиден коронавирус чыкты

7 июля 2020 8 000ден ашты. Бүгүн дагы 450 кишиден коронавирус чыкты

Бүгүн Кыргызстанда дагы 450 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаары – 229;

Чүй облусу - 84;

Ош шаары - 32;

Ош облусу - 23;

Жалал-Абад облусу - 47;

Баткен облусу - 10;

Ысык-Көл облусу - 13;

Нарын облусу - 11;

Талас облусу - 1.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 141ге жетти. Бүгүнкү күндө стационарда 602 бар, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 4 524 киши дарыланууда. 

sputnik