Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео

6 июля 2020 Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео

"Короче" Telegram-каналына автоинспекторлордун бусту кууп бара жаткан видеосу жарыяланды.
 

koroche. Видео

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы окуя 3-июлда болгонун билдирди.

Александровка айылында кызматын аткарып жаткан инспекторлорго саат 12.00 чамасында жергиликтүү тургун кайрылган.

"Ал өзүнүн баласы кошунасынын Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаасын сурабай айдап, Бишкек тарапты көздөй чыгып кеткенин айткан. Ошондой эле ал киши уулунун айдоочулук күбөлүгү жок экенин жана психикалык жактан жабыркай турганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган бустун айдоочусу

Мындан улам автоинспекторлор артынан кууп жөнөгөн. Бусту айдап чыккан бала мал базардын жанынан бир автоунаа менен кагышып, бирок ага карабай кете берген. Милиционерлер стационардагы постто нөөмөттө тургандарга кабарлаган. Токтотууга аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен. 

Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен

Куугунга аз жерден кырсыктабай калгандар кошулган

"Айдоочу Бишкекке чейин келип Гагарин көчөсүндө эки автокөлүк менен кагышкан. Андан соң Асаналиев көчөсүнөн дагы бир Toyota Camry менен сүзүшкөндөн кийин кармашкан. Мунун кесепетинен беш автоунаа жабыркаган. Анын бири милицияныкы. Айдоочу кармалып, тийиштүү материалдар тергөөчүлөргө өткөрүп берилди", — деп кабарлады маалымат кызмат.

Азыркы тапта айдоочунун бөгөт чарасы каралууда.

sputnik