Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды. Кабарды маркумдун кесиптештери жана жакындары тастыктады.
Досалиева 5-июлда капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында көз жумган.
Бүбүкан Досалиеваны кыргыз коомчулугу белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог катары билчү. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты. КТРК, “Сары-Өзөн Чүй” телеканалдарында бир топ жыл иштеген.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы журналисттерди тарбиялаган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды
1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Азаттык” үналгысынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп жаткан.
Досалиевага 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамы ыйгарылган. Эл аралык Айтматовдук Коомдук академиянын журналистика боюнча академиги.