Жакшы кабар! Окумуштуулар коронавирусту 99 пайызга жок кылган дарыны табышты

5 июля 2020 Жакшы кабар! Окумуштуулар коронавирусту 99 пайызга жок кылган дарыны табышты

Австралиянын Монаша университетинин жана Мельбрундагы Королдук госпиталдын окумуштуулары SARS-CoV-2 вирусун 99 пайызга жок кылган дарыны табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Изилдөөчүлөр лабораториялык шарттарда ивермектин дарысынын коронавирус инфекциясынын клеткаларына тийгизген таасирин талдап, дарыны эки саат өткөндөн кийин кошушкан.

Жыйынтыгында, 24 саат аралыгында рибонуклеин кислоталарынын вирустук ченеми 93 пайызга азайган. Ал эми, 48 сааттан кийин вирус денеде 99 пайызга азайганы айтылат.

Мындан тышкары, эксперимент учурунда ивермектин үлгүлөргө терс таасир тийгизбегени белгиленет.

Окумуштуулар алардын изилдөөсү коронавирус инфекциясына каршы дарыларды колдонуу боюнча аныктоо иштерине жардам берет деп ишенишет. Алардын ою боюнча, ивермектин SARS-CoV-2 вирусун азайтып, оорунун өрчүшүн алдын алып, инфекциянын адамдан адамга жугушун чектейт.

kompromiss.kg