Коронавирустун экинчи толкуну кышында болору болжолдонууда. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурат. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, профессор Леонид Эйдельман айтып берген.
Анын билдиришинче, COVID-19 массалык түрдө кайрадан ноябрь жана декабрь айларында тарашы мүмкүн.
"Бул айларда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч аларын билебиз. Ошондуктан аларды коронавирус менен ооругандардан айырмалоо кыйын болот. Бейтаптардын бардыгы эле чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлөт эмеспи. Бул толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек", — деп эскерткен дарыгер.
Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт
Ал белгилегендей, экинчи толкундун башталышы эмитеден байкалууда. Кайсы бир өлкөлөрдө ооругандар азайса, кээ бир жактарда күндөн-күнгө өсүп жатат. Маселен, бир кезде коронавируска ээ боло албай калган Италияда абал жакшырса, ошол эле учурда Кытайда илдетке чалдыккандар кайрадан катталууда. Мындан тышкары, Индияда бейтаптардын саны көбөйгөнү айтылып келет.
Дүйнө жүзү боюнча 11 миллиондон ашык адам илдетке кабылып, жарымынан көбү айыкты. Дарттан 500 миңден ашык киши көз жумду.