Өлкөдө дагы 506 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

3 июля 2020 Өлкөдө дагы 506 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

Бүгүн өлкө аймагында дагы 506 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бишкек шаары – 230;

Чүй облусу - 151;

Ош шаары - 36;

Ош облусу - 14;

Нарын облусу - 9;

Жалал-Абад облусу - 21;

Талас облусу - 1;

Баткен облусу - 19;

Ысык-Көл облусу - 25.

Ушуну менен республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти.

sputnik