Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3 июля 2020 Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ЖК VII чакырышылына депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында, жекшембиде, өтөт деп бекитилди.

Айды алып берем дебей... Жээнбеков шайлоодо кандай убада берүү керектигин айтты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык уюштуруусу тапшырылды.

Ал эми өкмөткө төмөнкү иштер жүктөлдү:

шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон каражаттарды БШК бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулук, жарандардын укуктары жана эркиндиктеринин сакталашына кам көрсүн. Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандардын ден соолугуна, коомдук коопсуздукка дыкат көңүл бурулсун.
Шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү участкаларын кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугу камсыздалсын;

Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдардын сакталышына көзөмөл кылсын;

Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

sputnik