Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан каза болду

2 июля 2020 Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан каза болду

Адвокат Кайрат Загибаев пневмония оорусунун кесепетинен каза болду. Бул туурасында анын досу жана кесиптеши Канат Хасанов Facebook баракчасына жазды.

Хасановдун айтымында, Загибаев пневмониядан көз жумган үчүнчү адвокат.

Кайрат Загибаев коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштеринде жактоочу катары иштеп келген. Алсак, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин, экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун адвокаты болгон. Соңку учурда Кой-Таш окуясында окко учкан УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн начальнигинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иштеген.

Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

sputnik