Катуу жазаланат! Финпол дарыны кымбаттаткан дарыканаларды текшере баштады

2 июля 2020 Катуу жазаланат! Финпол дарыны кымбаттаткан дарыканаларды текшере баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардын дары-дармек баасын негизсиз жогорулаткан фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов да айтып, айрым адамдардын ушундай оор кырдаалдан киреше көрүү максаты туура эмес экенин эскерткен

Билдирүүгө ылайык, текшерүү учурунда коргоонуучу каражат, дарыларды бир нече эсеге кымбаттаткан фактылар табылган.

"Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз", — деп жазылган маалыматта.

Министрлик: дары-дармек жетиштүү, дүрбөлөңгө түшпөгүлө

Дары-дармектин кымбаттап кеткен фактыларына күбө болгондор Финансы полициясынын 1955 ишеним телефон номерине жана receivefinpol.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине арыз менен кайрыла алышат.Эскерте кетсек, дары-дармектин кымбаттап жатышы акыркы убакта курч маселеге айланууда. Бул боюнча Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов да айтып, айрым адамдардын ушундай оор кырдаалдан киреше көрүү максаты туура эмес экенин эскерткен.

sputnik