2 июля 2020
Кыргызстанда бүгүн дагы 526 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 211;
Чүй облусу - 231;
Ош шаары - 19;
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 27;
Талас облусу - 1;
Баткен облусу - 18;
Ысык-Көл облусу - 10.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 261ге жетти.