1 июля 2020
Бүгүн Кыргызстанда дагы 439 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 195;
Чүй облусу - 175;
Ош шаары - 5;
Ош облусу - 5;
Нарын облусу - 10;
Жалал-Абад облусу - 24;
Талас облусу - 12;
Баткен облусу - 13.
Ушуну менен вирус илештирип алгандардын жалпы саны 5 735ке жетти.