Бишкекте №5, 11 жана 14 троллейбустар токтотулду. Себеби

1 июля 2020 Бишкекте №5, 11 жана 14 троллейбустар токтотулду. Себеби

Борбор калаадагы №5, 11 жана 14 троллейбустарынын кыймылы жол кырсыгынан улам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн эртең менен Манас проспектинде жол кырсыгы болуп, анда такси айдоочусу троллейбустун түркүгүн сүзүп кеткен.

Бакты сүзгөн. Караколдо жол кырсыгынан бир киши каза болуп, экинчиси оор абалда

Учурда линиялар калыбына келтирилгени менен түркүк жолдон алына элек. Ошондуктан троллейбустардын түндүк багыттагы кыймылы убактылуу токтотулган.

sputnik