Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

30 июня 2020 Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

Бишкекте велосипед менен бараткан эки адамды автоунаасы менен коюп кеткен айдоочу мас болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына милициядагы ишенимдүү адамдар билдирди.

Айдоочу мас экени медициналык экспертизадан тастыкталганы айтылат.

Милициянын такталган маалыматы боюнча, кырсык бүгүн саат 10.00дөр чамасында Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен трассада катталган.

koroche. Видео

Камышановка айылынын Т.Ж. аттуу 39 жаштагы жашоочусу Audi C4 машинасы менен түштүк тарапты көздөй келе жатып Бишкектин эки тургунун коюп кеткен. Алар 46 жаштагы С.И. жана 44 жаштагы Т.Е. аттуу жарандар болгон. Велосипедчендер дагы шаарды көздөй келе жаткан.

"С.И. кырсык болгон жерде мүрт кетти, ал эми Т.Е. ооруканага жетпей көз жумду. Айдоочу кармалып, медициналык экспертиза анын мас экенин көрсөттү", — дешти милициядан.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Учурда тергөө жүрүп жатат, машина айып короого киргизилген.

sputnik