Өлкөдө коронавирустан 7 киши каза болду

30 июня 2020 Өлкөдө коронавирустан 7 киши каза болду

Кыргызстанда коронавирустан жети киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Республикалык клиникалык ооруканасында — 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);

Ош шаардык клиникалык ооруканасынан — 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);

№2 Клиникалык төрөт үйүнөн — 1 (27 жаштагы аял киши);

Жайыл аймактык ооруканасынан — 1 (44 жаштагы эркек киши);

Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 57 кишиге жетти.

sputnik