Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

30 июня 2020 Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония дартына кабылып, ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Натыйжада COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

sputnik