5 000ден ашты! Бүгүн дагы 269 кишиден коронавирус чыкты

29 июня 2020 5 000ден ашты! Бүгүн дагы 269 кишиден коронавирус чыкты

Бүгүн Кыргызстанда дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 138;

Чүй облусу - 43;

Ош шаары - 23;

Ош облусу - 6;

Нарын облусу - 4;

Жалал-Абад облусу - 26;

Ысык-Көл облусу - 16;

Талас облусу - 9;

Баткен облусу - 4.

269 кишинин тогузу чет жактан келгендер болсо, 260ы — байтептар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен өлкө аймагы боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 017ге жетти. Бүгүн дагы үч бейтап каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 50 болду.

sputnik