Асмандагы учактардын үстүнөн, капталынан, маңдайынан көрүнүшү. Параддын видеосу

24 июня 2020 Асмандагы учактардын үстүнөн, капталынан, маңдайынан көрүнүшү. Параддын видеосу

1945-жылы ушул күнү фашисттик гитлерчилерди жеңгенден кийинки легендарлуу парад болгон эле. Анын тарыхы да өзүнчө кеп кылууга арзыйт.

Бүгүн Москвадагы Кызыл аянттан 15 миңге чукул аскер чоң салтанат менен өттү. Алардын ичинде мурдагы Советтер Союзунун республикаларынан келгендер да болду. Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин полковник Бекказы Түмөнбаев алып өттү.

Аскерлерден кийин жерди дүңгүрөтүп 200гө чукул аскер техникасы аянтка кирди. Андан соң жүрөктү толкутуп Кызыл аянттын асманында 75ке чукул аба техникалары пайда болду. Алар — Су-24, Ту-95МС, МиГ-31К, Ил-78 жана Ту-160, андан сырткары Су-30СМ менен кирип келген "Русские витязи" тобу жана МиГ-29дагы "Стриждер" эле.

Абадагы аскердик парадды Су-25 соңуна чыгарып, асманга Россия желегинин сүрөтүн тартып, көздөн кайым болушту.

Жүрөк толкуткан кадрларды биздин видеодон көрсөңүз болот.

sputnik