Москвага Жеңиш парадына кеткен Жээнбеков ага катышпай калды. Себеби

24 июня 2020 Москвага Жеңиш парадына кеткен Жээнбеков ага катышпай калды. Себеби

Москвага президент менен чогуу баргандардан коронавирус табылгандыктан, Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай коюуну чечти. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Президенттин автоунаадан бет капчан түшкөнү көрсөтүлгөн, бирок андан кийин Владимир Путин башка өлкө башчыларды тосуп алып жатканда Жээнбеков көрүнгөн жок.

“Алгоритмге ылайык, Москва шаарына парадга катышуу үчүн президент менен бирге баргандар коронавируска тест тапшырышкан. Кийин делегация курамындагы эки адамдан вирус аныкталды. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай эле коюу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ушул тапта Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу.

sputnik