Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун алгачкы белгилерин байкоо, андан кийинки аракеттер тууралуу жарандар жана медициналык мекемелер үчүн жаңы эки алгоритм иштеп чыкты. Эми ал элге таратыларын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"Биринчи схемада вирустун алгач белгилери байкалганда, тагыраагы, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо сыяктуу симптомдордо эмне кылуу керектиги айтылган. Экинчи схема үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана дарыканаларга таратылат. Анда вирустун белгиси бар бейтап кайрылганда кантип иштөө керектиги көрсөтүлгөн", — деди Каратаев.
Министрдин орун басары кошумчалагандай, жаңы алгоритмге ылайык, дене табы 38 градустан төмөн болуп, симптомдор көп билинбесе, мындай бейтап үйүндө каралат.
Кыргызстандагы коронавирус
Бүгүн өлкөдө 207 кишиден коронавирус чыгып, жуктургандардын жалпы саны 3726га жетти. Анын 2 082си айыгып, 42 киши көз жумду.