Бүгүн Кыргызстанда дагы 163 кишиден коронавирус табылды

23 июня 2020 Бүгүн Кыргызстанда дагы 163 кишиден коронавирус табылды

Бүгүн өлкө аймагынан дагы 163 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек – 94;

Чүй облусу - 22;

Ош шаары – 16;

Ош облусу – 9;

Баткен облусу – 1;

Жалал-Абад облусу – 13;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 7.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

sputnik