Бүгүн 205 кишиден COVID чыкты. Вирус жуктургандар жүздөп көбөйүүдө

22 июня 2020 Бүгүн 205 кишиден COVID чыкты. Вирус жуктургандар жүздөп көбөйүүдө

Кыргызстанда акыркы суткада 205 кишинин коронавируска кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Бишкек — 82;

Чүй облусу - 33;

Ош – 25;

Ош облусу – 20;

Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 8;

Талас облусу – 19;

Нарын облусу – 6.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти.

sputnik