19 июня 2020
Бүгүн Кыргызстанда дагы 132 кишиден коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек – 48;
Чүй облусу - 38;
Ош шаары - 13;
Ош облусу - 12;
Жалал-Абад облусу - 11;
Талас облусу - 4;
Нарын облусу - 6.
Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2789га жетти.