Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов тилинен жаңылганы үчүн депутат Улукбек Ормоновдон кечирим суроого аргасыз болду.
Белгилей кетсек, бүгүн Эсеп палатасы 2019-жылдагы иши тууралуу парламентке отчёт берди.
Ормонов "Дастан" ишканасы боюнча түзүлгөн актыда эсептөөлөр рубль, доллар менен жазылып, сом менен көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.
"Ишкананын отчётундагы миллиондогон, миллиарддаган келишимдерди караган эмессиңер. Бир миллиондук келишимдер 1000 доллар деп жүрөт", — деди Ормонов.
Марипов баары мыйзам чегинде каралып, отчёт президентке, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн айтты.
Андан соң Ормонов "президентке да ушундай текшерилбеген отчёт жиберилсе, анда "азамат" экенсиңер" деп сындады.
Буга Марипов "аны эми урматтуу президентибиз өзү баа берер, сиз ага..." деп кийлигишпөөгө ишарат кылгандай жооп кайтарды.
Мындай жоопко ачууланган депутат акыл үйрөтпөй сүйлөшүн талап кылды. Кийинчерээк ал кайра сөз алып, Эсеп палатасынын отчётун артка кайтаруу сунушун берди.
"Эсеп палатасынын төрагасы отчёт убагында парламент ага баа бербей турганын айтты. Урматтуу кесиптештер, Эсеп палатасы парламентке отчёт берүүгө милдеттүү, өзүнүн тартиби туура эмес экенин көрсөтүп, азыркы отчётун артка кайтаралы", — деди Ормонов.
Андан соң Марипов туура эмес сүйлөп алганын моюндап, эл өкүлүнөн кечирим сурады.
Буга ынанбаган Ормонов кайра чыгып, жалпы парламентте кечирим сурашын талап кылды.
Марипов андан дагы, жалпы парламенттен да расмий түрдө кечирим суроого аргасыз болду.
Натыйжада депутаттар Эсеп палатасынын отчётун колдоп берди.