MegaCom жана "Оптима банктын" кызматкерлеринен коронавирус табылды

17 июня 2020 MegaCom жана "Оптима банктын" кызматкерлеринен коронавирус табылды

MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул туурасында уюлдук оператордун маалымат кызматы билдирди.

Кызматкердин оору жуктурганы аныкталгандан кийин обсервацияга жаткырылган. Мындан сырткары, компаниядан иштеген дагы бир адам коронавируска шектелип жатканы айтылат. Анын анализдери эртең чыгат.

Компания аталган кызматкерлер кардарларды тейлөө жагында иштебей турганын эскертти. Ошондой эле оорунун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлүп, жумушчулардын айрым бөлүгү үйүнөн иштөөгө өткөнүн белгилейт.

Аны менен катары эле "Оптима банктын" бир нече кызматкерине да COVID-19 жукканы туурасында каржы мекемеси өзүнүн расмий сайтына жазды.

Банк ооруга чалдыккандар менен байланышта болгондор карантинге алынганын билдирди. Ал эми кардарлар менен байланышта болбогонун айтышты.

sputnik