16 июня 2020
Бишкекте аскердик КамАЗ жүгү менен бара жатып бийиктиги чектелген көпүрөдөн өтө албай туруп калды.
Аталган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Кадрдан жүк ташуучу автоунаа күзөтчүнүн күркөсүнө окшош нерсени ташып жатканын көрүүгө болот. Анын мамлекеттик номерина караганда Мамлекеттик чек ара кызматына таандык.
Ведомствонун маалымат кызматы ал райондо газ түтүктөрү өткөрүлгөн көпүрө бар экенин түшүндүрдү. Мындан улам ал автоунаа багытын өзгөртүп, жүктү башка жол менен жеткирген.