Республикалык штаб 16-июндан тарта чет өлкөгө кимдер чыгып жана кимдер Кыргызстанга келе ала турганын кабарлады.
Кыргызстанга келе ала тургандар:
Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган жана дайындалган кызматкерлери;
Эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү;
КРдин Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрү;
Чектеш мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздаган "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери;
Чет өлкөлүк адистер – КРдин эмгек визалары бар чет өлкөнүн жарандары жана жарандыгы жок адамдар (W1 жана W2);
Эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулар, аба кемелеринин экипаждары жана учуучу курам, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадалары;
Чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары, КРдин мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусунун негизинде;
Кыргызстандын жарандары үй-бүлө мүчөсү болуп саналган чет элдик жарандар. Күйөөсү, жубайы, ата-энеси, балдары, чоң ата, чоң энелери кыргызстандык экендигин документ менен ырастаганда кире алат.
Төмөнкү адамдар өлкөдөн чыга алат:
Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө чектөөлөр жок;
Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын чыгып кетишине тоскоолдук жок;
1-июлга чейин визасыз чыгуу режими колдонулат.
Кыргызстанга кирип-чыгуу боюнча бардык суроолорго кеңештер 0312-881618 ыкчам номери аркылуу берилет.