15 июня 2020
Бүгүн Кыргызстан боюнча 87 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары — 48;
Чүй облусу - 11;
Ош шаары - 18;
Ош облусу - 5;
Ысык-Көл облусу - 2;
Жалал-Абад облусу - 3.
"Стационарда 531 киши жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Жаңы жуктуруп алгандардын 22си медицина кызматкерлери. 64 киши байланыш аркылуу жуктурган, 23ү кайдан жукканын билбейт", — деди Үсөнбаев.
Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 2372ге жетти.