Вирусолог COVID-19дун экинчи толкунуна кантип даярдануу керектигин айтып берди

15 июня 2020 Вирусолог COVID-19дун экинчи толкунуна кантип даярдануу керектигин айтып берди

COVID-19дун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдануу үчүн сергек жашоо образын кармануу керек. Бул тууралуу Россиядагы Гамалеи атындагы илимий-изилдөө борборунун профессор-вирусологу Анатолий Альтштейнге таянып РИА Новости жазды.

"Вирустун кийинки толкунуна кам көрүүнүн бир гана жолу бар — ал ден соолукту чыңдоо. Сергек жашап, спорт менен алектенгендер ошонусунан жазбасын. Ал эми жаман адаттары барлар алардан арылып, ден соолугун бекемдеши керек”, — деди Альтштейн.

Адистин айтымында, тажрыйба ден соолугу чың адамдар вирусту салыштырмалуу жеңил жана тоскоолдуксуз өткөрөрүн көрсөттү.

Жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.

sputnik