Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап мазактаган киши кармалды. Окуя Сузакта болгон

12 июня 2020 Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап мазактаган киши кармалды. Окуя Сузакта болгон

Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аялынын мойнуна дөңгөлөк илип коюп, суу чачып мазактаган киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап алып чакалап суу чачып, мазактаган кишинин видеосу тараган.

Жээнтаевдин айтымында, окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон.

"Сузак районунун 52 жаштагы жашоочусу өз үйүндө 47 жаштагы аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Жабырлануучу аял 11-июнь күнү Сузак райондук милициясына арыз жазып кайрылган. Жолдошу мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам барганын айткан", — деди Жээнтаев.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") боюнча катталган. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

sputnik