11 июня 2020
"Аламүдүн" базары 12-14-июнь күндөрү дезинфекция иштери үчүн жабылат. Бул туурсында Sputnik Кыргызстанга мэриянын маалымат кызматынан айтышты.
"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бул үчүн тиешелүү кагаздарды жазып берди. Чечимди Республикалык штаб кабыл алды", — дешти алар.
Ал арада "Короче" Тelegram каналы тиешелүү кызматтар иштеп баштаганын айтып берип жаткан учурдун видеосун жарыялады.
ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова "Аламүдүн" базарында тазалоо иштери башталганын соцтармак аркылуу билдирди.
facebook. Видео
Бишкекте буга чейин "Орто-Сай" жана "Ош" базарлары дезинфекция үчүн жабылган.
sputnik