Автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатуу качан башталат? Асрандиевдин жообу

11 июня 2020 Автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатуу качан башталат? Асрандиевдин жообу

Өкмөт автоунаалардын алдыңкы жана капталдагы терезелерин караңгылатуудан акы алуу долбоорун азырынча кереги жок деп эсептейт. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Экономика министрлиги бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомдук талкууга коюлуп, документти ишке ашыруу министрлик жана мекемелер менен макулдашылып жаткан.

"Коопсуздук маселеси боюнча укук коргоо органдары суроо көтөрдү. Бул "Коопсуз шаар" долбоорунун ишине залакасын тийгизип калат экен. Жакын арада камералар телефон менен сүйлөшүп бара жаткандарды жана коопсуздук курун тагынбагандарды каттап баштайт. Өкмөт азырынча автоунаалардын терезелерин караңгылатуудан акы алуу долбоорун кереги жок деп эсептейт", — деди Асрандиев.

Эске салсак, өкмөт буга чейин автоунаанын алдыңкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштаган. Мындай жол менен өкмөт айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын мыйзам бузган учурун азайтып, республикалык бюджетке киреше түшүрүүнү көздөгөн.

sputnik