Дагы 38 киши коронавирус жуктуруп алды

10 июня 2020 Дагы 38 киши коронавирус жуктуруп алды

Бүгүн Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында – 19;

Чүй облусу - 6;

Нарын облусу - 1;

Ош шаарында – 6;

Ош облусу - 3;

Жалал-Абад облусу - 2;

Талас облусу - 1.

"Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 адамдын жугузуп алган шарттары белгисиз”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2093 болду.

sputnik