Америкалык жана австралиялык адистер акыркы жүз жылдын ичинде бир катар мамлекеттерде аялдар эркектердей эле ичимдикке берилип кеткенин аныктап чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, алкоголдун аялдарга тийгизген кесепети оорураак. Көбүнчө андан боор, жүрөк жана мээнин дарттары келип чыгат. Мындан тышкары, эмчек рагына кабылуу коркунучун жогорулатып жиберет.
АКШнын Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылдын ичинде кара сарыктан каза болгон аялдардын саны дээрлик 85 пайызга өскөн (эркектер арасында 32 пайыз). Ошондой эле алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичип ооруканага түшкөн аял кишилердин саны көбөйдү.
Жалпы статистика боюнча, эркектер биринчи орунда турат, бирок алар жашы өтүп калган кишилер. Ал эми 1991-2000-жылдары туулгандардын арасында кыздар алкоголдук ичимдикти эркектер менен эле тең тайлашып ичип калганы белгиленет. Ачуу сууну ашыкча ичип каза болгондордун сап башында дагы алар турат.
Адистер белгилегендей, кыз-келиндердин организминдеги спирт эркектерге салыштырмалуу көптө барып тарайт. Ичимдикке жакын аялдар ага жашы өткөндө берилип баштайт.
"Аракка берилип кетүү алардын эстроген аттуу жыныс гормондоруна байланыштуу болушу мүмкүн. Окумуштуулар бир айда 20-22 жаштагы ондогон кызга байкоо салып, алардын канында эстрадиол же E2 гормонунун деңгээли көтөрүлгөндө көп ичкенин байкашкан. Ачуу сууга берилип кетүү аялдардын мээсинин кабыл алуусуна дагы байланыштуу болууда", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин алкоголь менен чылым дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн эң көп алган баңгизат деп табылган.