Чие кышкы-жазгы мезгилден кийин организмди витамин жана пайдалуу заттар менен толуктай турчу эң идеалдуу жемиш. Бул тууралуу диетолог Анна Гончарованын билдирмесине таянып РИА Новости кабарлады.
Диетологдун айтымында, чиенин курамында магний, марганец, жез, калий, кальций, темир көп. Бир эле стакан жеп коюу организмди микроэлементтерге толтурат. Дарыгерлер темир жетишпеген, каны аз адамдарга дал ушул азыкты сунушташат.
"Чиенин курамында калий, клетчатка жана эфир майлары болгондуктан, жүрөк оорусун дарылоого жана алдын алууда табылгыс азык. Бул жемиш организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарып, жүрөктүн булчуңдарынын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле ибупрофен, парацетамол сыяктуу сезгенүүгө каршы туруу күчүнө ээ", — деген дарыгер.
Адистин айтымында, бир отурганда 300 грамм чие жесе жетиштүү. Аны көп колдонгон учурда дагы диарея же башка нерсени пайда кылышы ыктымал. Жатарда жебей эле коюу сунушталды. Анткени бул жемиш ичти көптүрүп, уйкуну бузуп коюшу мүмкүн.