Тоң районунун Көк-Мойнок айылына жете бербей Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып эки аял каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя 8-июнь күнү болжол менен саат 04.20лар чамасында болгон. Жерине Балыкчы шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, айдоочу Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы тургуну О.У. экенин аныктаган. Ал Бишкектен Чолпон-Атага бара жатып, Бишкек — Балыкчы — Торугарт автожолунун 163-чакырымында рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмолорун сүзгөн.
ДТП с участием минивэна Honda Stepwgn в Иссык-Кульской области
"Жол кырсыгынан улам жүргүнчү катары бара жатышкан Ак-Суу районунун 48 жаштагы тургуну Э.Ж. жана Каракол шаарынын 39 жаштагы тургуну Д.Б. мүрт кеткен. Ал эми айдоочу жана башка эки жүргүнчү, Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну И.Н. жана Каракол шаарынын 18-жаштагы тургуну Т. кызы Ж. жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
Облустук милиция кырсыг учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталганын кошумчалады.
ДТП с участием минивэна Honda Stepwgn в Иссык-Кульской области
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн топтолгон иш кагаздар Тоң райондук милициясына өткөрүлмөкчү.
sputnik