Кыргызстанда дагы 25 адам коронавирус жуктуруп алды

8 июня 2020 Кыргызстанда дагы 25 адам коронавирус жуктуруп алды

Бүгүн Кыргызстанда 25 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 18 адам болсо, Чүй облусунда жети кишиден чыккан.

"Жалпысынан ушу тапта 564 киши стационарда дарыланып жатат, анын үчөө реанимацияда. Вирус жуктуруп алганы жаңы аныкталгандардын арасында беш медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2032 болду.

sputnik