4 июня 2020
Ысык-Көлдө коронавирус табылган адам туугадарына жентек той өткөргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыкчам штабдан кабарлашты.
Эске салсак, бүгүн, 4-июнда, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган бир адам катталган.
Облустук штабдын маалыматына ылайык, бейтап 22-майдан 25-майга чейин Бишкек шаарында болгон.
"Жети-Өгүз районунун 23 жаштагы тургуну Бишкектен Ысык-Көлгө келгенден кийин 20га чукул кишини чакырып баласына жентек той берген. Бүгүнкү күндө 20 адамдын бардыгынан коронавируска анализ алынып, үй карантинге алынды", — деп айтылат маалыматта.
COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкөдө 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.
Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 20 киши каза болду.