Бүгүн Кыргызстанда 28 кишиден коронавирус чыкты

4 июня 2020 Бүгүн Кыргызстанда 28 кишиден коронавирус чыкты

Бүгүн өлкө аймагында 28 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын 15и Бишкек шаарында болсо, бирөө Нарында. Төрт киши Ош шаарынан, дагы алтоо Ош облусунан, Чүй менен Ысык-Көлдө бирден киши катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899 болду. 1292 бейтап сакайып чыкса, 20 киши каза тапты.

sputnik