Кыргызстанда бүгүн 26 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

3 июня 2020 Кыргызстанда бүгүн 26 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

Бүгүн Кыргызстанда 26 адамдан коронавирус аныкталганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында 16, Нарын облусунда жети, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Баткенде бир кишиден вирус чыккан. 

Ушуну менен республика боюнча коронавирус аныкталган 1871 учур катталды.

sputnik