Саймаити чет өлкөлөргө 900 млн. долларды кантип чыгарганы айтылды

3 июня 2020 Саймаити чет өлкөлөргө 900 млн. долларды кантип чыгарганы айтылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу ишкер Айеркен Саймаити 937 миллион 807 миң долларды чет өлкөгө кантип чыгарып кеткенин айтып берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Саймаитини өлтүрүү боюнча кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени баяндалган журналисттик иликтөөдө аты аталган Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

УКМК өкүлүнүн айтымында, өткөн жылдын июнь айынан ноябрына чейин журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш жүргүзүп, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Анда интернеттеги бардык кабарлар, банк документтери, Финчалгындоо менен бажынын маалыматтары жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иликтенген.

Самидин уулунун айтымында, 2012-жылдан 2017-жылга чейин Саймаити жогорудагы 937 миллион долларды Кыргызстандын 11 банкы аркылуу которгон. Ал каражаттарды өзүнүн жана жубайы Вуфуля Бумаилияманын, ошондой эле "Абдыраз" ЖЧКсынын атынан салып турган.

Күч түзүмдөрү 932 миллион 736 миң доллар чет элдик эсептерге түшкөндүгүн аныктаган. Ал текстиль буюмдарына, курулуш материалдарына, электрондук товарларга, картонго, келишимдер боюнча карызды төлөөгө, жер тилкеси үчүн алдын ала төлөөгө жана сатып алууга которулганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү мыйзам боюнча бажы декларациясын толтуруу менен каалаган суммадагы акча каражатын чыгарууга уруксат берилгендигин эскертти.

"Курьерлер аркылуу нак акчалар да ташылып турган. Сегиз адамды суракка алганыбызда үчөө курьер болуп иштегендигин тастыктады. Алардын бири Түркияга "Мадина" базарынын каражаты деп 5 миллион доллар которгон. Калган экөө "Кара-Суу" базарындагы ишкерлердин акчасы катары 246 миң жана 82 миң доллардан алып чыгып кетишкен. Суракка алынган башка адамдар бул иш менен алектенбегенин билдирди", — деди Самидин уулу.

Атайын кызматтын анализине ылайык, накталай акчалар кыргыз жана өзбек ишкерлеринин каражаттары болгон.

sputnik